Россия Кыргызстанга 200 миң анализ чыгара турчу ПЧР тест-системаларын берди

14 апрель 2020 12:37 1397 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиядан Кыргызстанга кайтарымсыз негизде коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн 20 миң анализ чыгарууну шарттаган 200 топтом көлөмүндө ПЧР тест-системалардын кезектеги партиясын берди. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Көрсөтүлгөн ПЧР тест система топтомдору Кыргызстанга 2020-жылдын 15-апрелинде жеткирилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 коронавирус менен күрөшүүгө көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирет.

Соңку маалыматтар боюнча Кыргызстанда 430 кишиге коронавирус жукканы тастыкталып, 5 киши каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-kelgen-gumanitardyk-zhardam-tuuraluu



Добавить комментарий