Россияда болгон өрттөн жети кыргызстандык жабыркады

6 март 2019 10:56 1053 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Владимирск областында айнек идиштерди  өндүрүүчү заводдо болгон өрттөн жети кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги маалымдады.

Аталган кабарга таянсак, «Русджам» ишканасындагы болгон өрттөн жабыркагандар Владимирск областынын Гороховца шаардык ооруканасына жеткирилди.

Төрт адам оор абалда, үчөөнүн абалы орто деп белгиленүүдө. Тергөө өрт кырсыгы боюнча иликтөөнү баштады.

Аймактык администрациянын басма сөз кызматынын кабарлаганына караганда, баардык жабырлануучулар Кыргызстандын жарандары болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-bolgon-rttn-zheti-kyrgyzstandyk-zhabyrkady



Добавить комментарий