Режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп салган шектүү балдар кармалды

29 ноябрь 2018 18:51 1237 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Режиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп салган шектүү балдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБден билдиришти. 

Кылмышка шектуүлөр жаш балдар болушкан, тактап айтканда 1994-жылы туулган Ш.К жана 1993-жылы туулган Л.Ю аттуу жарандар экендиги такталды. 

Маалыматта айтылгандай, аларды учурда убактылуу жайга камап, сурак иштерин жүргүзүп башташты. 

Эске салсак, режиссер Болот Шамшиев унаасын уурдатып жибергени тууралуу милицияга 10-ноябрда арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде иш козголуп, Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү унаа Чүй облусунун Милянфан айылынан өрттөлгөн, темири эле калган абалда табылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/rezhissyor-bolot-shamshievdin-unaasyn-uurdap-ketip-rttp-salgan-shekt-baldar-karmaldy



Добавить комментарий