Режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдаган кылмышкер мурда дагы киши өлтүргөн деп шектелүүдө

30 ноябрь 2018 14:54 1254 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдаган кылмышкер мурда дагы киши өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу шаардык ИИБден маалымдашты. 

Анда айтылгандай, унааны уурдоого шектелген үчүнчү киши 32 жаштагы Э.Т аттуу жаран адам өлтүрүүгө шектелип Ысык-Көл облустунун Жети-Өгүз районундагы тергөө абагында жатат. Ал Караколдук жаранды союл менен сабап өлтүргөн деп айыпталууда. 

Буга чейин 27-онтябрда Жон-Булак айылында кыйнап өлтүрүлгөн кишинин жансыз денеси табылган. Шектүү катары жогоруда айтылган 32 жаштагы жаран кармалган. Ал кылмышты моюнуна алып, карызын доолаганы үчүн урушуп кеткенин айткан.

Ал эми, бул адам милицияга түшө электе, достору Ш.К жана Л.Ю менен арак ичип олтуруп, Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп салышкан. 

Эске салсак, атактуу режиссердун унаасы 9-ноябрда уурдалып, эки күндөн кийин Милянфан айылынын жанынан өрттөлгөн абалда табылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/rezhissyor-bolot-shamshievdin-unaasyn-uurdagan-kylmyshker-murda-dagy-kishi-ltrgn-dep-shekteld



Добавить комментарий