Режеп Тайип Эрдоган шайлоодо утту

25 июнь 2018 19:00 1198 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 52,62% менен алдыга чыкты. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди. Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык-элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже 30,76% менен экинчи, абактагы саясатчы, Элдик -демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 8,12% үчүнчү,“Жакшы” партиянын лидери Мерал Акшенер 7,42% добуш менен төртүнчү орунда калды. 24-июндагы добуш берүүгө Түркиядагы шайлоого укуктуулардын 87%дан ашууну катышканы кабарланды.

Ал эми парламенттик шайлоодо Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы, андан кийин  Улуттук кыймыл партиясы түзгөн “Элдик альянс” озуп чыкты. 

Кийинкиде  34, 16% менен оппозициячыл партиялардын “Улуттук альянсы”, андан соң 11,29% добуш менен күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия ээледи.

11%дан ашуун добуш менен күрттөрдүн кызыкчылыгын коргогон партия да парламентке өттү дегенди билдирет.

Оппозициячыл партиялар шайлоодо бурмалоолор болгонун айтышып күмөн санашууда.

Ал эми  Режеп Тайып Эрдоганды “шайлоодогу ийгилиги”менен эң алгачкылардан болуп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Катардын эмири Тамим бин Хамад бин Халифа Аль Тани жана Пакистандын президенти Мамнун Хусейиндер куттукташты.

Эми Конституцияга былтыр апрелдеги талаштуу референдумда жактырылган өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

Ага ылайык, Түркияда 1923 -жылы республика түзүлгөндө пайда болгон саясий институт - премьер-министрдин кызматы жоюлуп, аткаруу бийлиги толугу менен президенттин колуна өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/rezhep-tajip-erdogan-shajloodo-uttu



Добавить комментарий