Республикалык деңгээлде уюштурулган “Алыш” күрөшүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды

12 февраль 2019 13:09 1211 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда "Алыш" белбоо күрөшү боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасындагы жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Ал маалыматта мелдеш 10-11-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп өткөнү айтылып, ага өлкөнүн баардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарынан келген 300 спортчу катышканы белгиленген:

“Балбандар 6 салмак боюнча, эркин жана классикалык стилдерде күч сынашты. Кыз-келиндер арасында Элзада Момунжанова, Нурзат Бахтияр кызы, Батма Дыйканова, Мээрим Момунова, Күмүшай Аттокур кызы, Нагира Сарбашева, Анара Рыскулова, Элза Абдыкадырова, Ханзада Алтынбек кызы, Клара Бактияр кызы, Нурзада Мыктыбек кызы, Кундузай Жайчибекова мыкты болушту.

Ал эми эркектер арасында Марлен Абдурасулов, Мадаминбек Шаршеналы уулу, Орозбек Аширов, Элдияр Сексенбаев, Бектурган Кожомуратов, Абдурахимов Комолиддин, Элмирбек Улутали уулу, Жылдызбек Каримжан уулу, Акылбек Төрөбеков, Адилет Кубатбек уулу, Чыңгыз Чалабаев, Кадыр Келсинбеков мыктылыгын көргөзүштү.”

Кошумчалай кетсек биринчиликтин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамы берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-degeelde-uyushturulgan-alysh-krshnn-zhechlr-anyktaldy



Добавить комментарий