Рэпер Канье Уэст АКШнын президентти болууга камынууда
Америкалык белгилүү рэп аткаруучу Канье Уэст АКШнын президенттигине ат салышат. Бул тууралуу “Associated Press” басылмасына шилтеме берип "Барометр" которду.
Атактуу рэп аткаруучу, музыкалык продюсер, композитор жана дизайнер Канье Уэст президенттикке талапкерлердин тизмесине кошулду.
Рэпер буга чейин да президенттик шайлоого катыша турганын айтып келген. Бирок кайсы жылы катышаарын так айткан эмес. Ал эми бул жылы президенттик пост үчүн ат салышууга катышаарын 5-июлда ачыктады.
Анын шайлоодо башкы атаандаштары катары учурдагы АКШнын президенти Дональд Трамп жана АКШнын мурдагы вице-президенти Джо Байден эсептелет.
Эскерте кетсек, Америкада президенттик шайлоо 2020-жылдын ноябрь айында өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/reper-kane-uest-akshnyn-prezidentti-boluuga-kamynuuda
Добавить комментарий ×