Рамзан Кадыровдун кызы Чеченстандын Маданият министри болду
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун улуу кызы Айшат Кадырова Маданият министри болду. Бул тууралуу парламенттин спикери Магомед Даудовго шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
“Мен Чечен Республикасынын маданият министри деген жооптуу кызматта Айшат алдына койгон тапшырмаларын мыкты аткара алат деп ишенем”,-деп жазды Даудов Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасына.
Даудов буга чейин Айшат Кадырова маданият министринин орун басары болуп турган кезде республикадагы китепканалардын, маданият үйлөрү менен театрлардын өнүгүшүнө зор салым кошконун белгилеп өттү.
Эскерте кетсек, Айшат Рамзановна Кадырова 1998-жылы 31-декабрда туулган.Өткөн жылдын сентябрь айынан бери маданият министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Firdaws мода үйүнүн директору.
Ссылка: https://barometr.kg/ramzan-kadyrovdun-kyzy-chechenstandyn-madaniyat-ministri-boldu
Добавить комментарий ×