Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду

16 август 2019 13:01 2976 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду. Муну мурдагы президенттин жубайы өзү кабарлады. Раиса айым кылмыш иши президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин ишине байланыштуу экенин айтты.

“Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Саясат – таза эмес иш. Муну мен мурда эле билчүмүн. Ошондуктан аралашпаганга аракет кылчумун. Мен керек болсо кайсыл соттун имараты каерде экенин да билбейм. Бир дагы судьяны тааныбайм”, - дейт Раиса Атамбаева.

Эске салсак, буга чейин президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген.

Ссылка: https://barometr.kg/raisa-atambaevaga-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий