Рахматулаев: Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүүдө

15 июнь 2021 14:19 1993 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев акыркы күндөрү коронавирус оорусу күчөп, кооптуу эпидемологиялык кырдала түзүлгөнүн брифингде билдирди.

Ал санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактабай, коомдук жайларда беткап тагынбай жүрүү оорунун жайылышына шарт түзөрүн дагы бир жолу эскертип “Былтыртан бери оорунун эки толкуну болду. Оорунун эң бийик чокусу былтыр июль айында катталып вирус бир күндө 1600 адамдан табылган. Экинчи толкуну 2020-жылдын октябрь, ноябрь айларында байкалып, күнүнө 606 адамга чейин жеткен. Азыр үчүнчү толкун болууда”, - деди.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-июндагы маалыматына караганда, бир сутканын ичинде Кыргызстанда бул илдеттен алты адам каза болду. 

Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө катталды. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1905 адамга жетти.

Беш миңден ашуун адамда коронавирус лабораториялык, клиникалык жол менен аныкталды.  2052 адам ооруканада, 3080 бейтап  үйүнөн дарыланууда. Ооруканада жаткандардын 100ү өтө оор, 563 киши оор абалда жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/rahmatulaev-kyrgyzstanda-koronavirustun-chnch-tolkunu-zhrd



Добавить комментарий