Прокуратура окуучулар өмүрүн тобокелдикке салып терезе жууган видеого реакция жасады

30 апрель 2019 16:19 951 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин прокуратурасы № 4 мектеп-гимназиясынын окуучуларынын коопсуздугун тиешелүү камсыздоо жумуштары уюшпаганына байланыштуу чараларды кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

№ 4 мектеп-гимназияда болгон окуяда көрүнүп тургандай окуучулардын жашоосуна жана ден соолугуна карата кооптуулук пайда болгонуна карабай окуучуларын укуктары одоно түрдө бузулган.

Бул ЖМКларда жарыяланган материалдарда көрүнүп турат жана № 4 мектептин администрациясы тарабынан классты тазалоо учурунда окуп жактандардын коопсуздугун камсыздоо иштери тиешелүү түрдө жүргүзүлгөн эмес.

Анын натыйжасында аталган мектептин окуучулары өздөрүнүн жашоосу менен ден соолугун тобокелдикке салып терезенин кырына туруп алып айнек жуушкан.

Бишкек шаарынын прокуратурасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын атына мыйзам бузууну жоюу сунушу берилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/prokuratura-okuuchular-mrn-tobokeldikke-salyp-tereze-zhuugan-videogo-reakciya-zhasady



Добавить комментарий