Президенттин кудасынын тууганы Мегакомго бөлүм башчы болду деген маалыматка Жээнбеков комментарий берди

19 декабрь 2018 12:17 1200 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президенттин кудасынын тууганы Мегаком компаниясына ишке кириптир деген маалыматты мен ММКлар жазып чыккандан кийин окугуча ал арызын жазып чыгып кетиптир-деп билдирди президент кудасы Абжалиевдин байкеси тууралуу.

"Мен маалыматты билген жокмун, интернеттен окудум. Болгону кичинекей бөлүмгө башчы болуп келиптир. Кайра алыс эле болоюн деп арызын чыгып кетиптир"-деди президент. 

Эске салсак, мегакомдун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев дайындаганы тууралуу малымат чыккан. Буга коомчулук ар кандай пикирлерди айтышкан. Мындан улам Ихтияр Абжалиев өз каалоосу менен арызын жазып, кызматтан кеткен. Маалыматтарга ылайык, Абжалиев көп жылдар бажы тармагында иштеген, полковник жана бул кызматка таанышы жок келгендиги айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-kudasynyn-tuugany-megakomgo-blm-bashchy-boldu-degen-maalymatka-zheenbekov-kommentarij-berdi



Добавить комментарий