Президенттик шайлоону өткөрүүгө 137,2 млн сом керектелет (чыгымдардын сметасы)

25 ноябрь 2020 13:09 1528 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январына дайындалган кезексиз президенттик шайлоону даярдоого жана уюштурууга чыгымдардын сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, БШК процессти уюштуруу үчүн зарыл болгон чараларды гана эске алуу менен чыгымдардын деталдуу сметасын түздү.

Сметада 2 475 участкалык шайлоо участкаларынын, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү 45 шайлоо участкаларынын ишин уюштурууга кеткен чыгымдар, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо үчүн жабдууларды жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдар, компьютердик шаймандардын комплекттери, бюллетендерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн автоматтык окуу кутучалары, ошондой эле бюллетендерди жеткирүү боюнча чыгымдар, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу каражаттары.

2020-жылдын 10-ноябрына карата Кыргызстанда 3 544 403 шайлоочу катталган. Бул 2017-жылдагы президенттик шайлоого караганда 518 633 шайлоочуга көп.

Эреже боюнча, бир шайлоо комиссиясында 10-12 адам иштээрин эске алып, УШКнын мүчөлөрүнүн жалпы саны 31 150 адамды түздү. Ал эми аймактык шайлоо комиссияларынын 650 мүчөсү да бар. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде АШКнын жана УШКнын мүчөлөрү сыйакы алышат, бул айына 2-З миң сомду түзөт. Ошондой эле, сыйакы алуучулардын катарында, идентификациялоо операторлору да бар. Алардын саны 1 987 адам (алардын саны шайлоочулардын санына жараша эсептелет). Ошону менен катары эле, техникалык колдоо топторунун адистеринин (600 адам) да эмгек акысы бар.

Добуш берүү күнү жана андан бир күн мурун, күнү-түнү иштөөгө байланыштуу, мыйзамда АШКнын жана УШКнын мүчөлөрүнүн, идентификациялоочу операторлордун (1 846 адам), коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуучу Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин (4 680 адам) тамак-ашка күнүмдүк чыгымдары каралган.

БШК Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жалпы суммасы 137 290 267 сом сарпталат деген божомолдуу чыгымдарын эсептеп чыкты.

Экономикалык класстын деңгээлдери

Чыгымдар Жалпы чыгымдар Кайра добуш берүү
2111  Эмгек акы

    69 644 325
69 644 325
2121 Социалдык фондго чегерүүлөр

    12 010 112
12 010 112
2211  Иш сапарларга кеткен чыгымдар

2 282 825
2 282 825
2212 Байланыш кызматынын акысы

1 791 900
1 791 900
2213 Ижара акысы

215 000 215 000
2214 Унаа чыгымдары

4 144 350  4 144 350
2215 Башка товарларды жана кызматтарды
сатып алуу

36 398 608 36 398 608
2222 Керектелүүчү буюмдарды жана
материалдарды сатып алуу

10 803 147
10 803 147
Баардыгы:    

137 290 267
137 290 267

Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttik-shajloonu-dayardoogo-zhana-tkrg-1372-mln-som-blnt-chygymdardyn-smetasy



Добавить комментарий