Президенттик шайлоого катышууга 36 талапкер БШКга арыз менен кайрылды
Бөлүшүү:
2020-жылдын 13-ноябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катуушууга 36 талапкер арыз менен кайрылды.
Кыргыз Республикасынын мамлекет башчылыгына ат салышып жаткан талапкерлердин тизмеси:
- Абдыкаар Сыдыков 1959-жылы туулган (пенсионер).
- Бакыт Бакетаев 1958-жылы туулган (арызы кайра артка чакыртылып алынган).
- Адахан Мадумаров 1965-жылдын 9-мартында туулган ("Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери).
- Азамат Эсенбеков 1984-жыл 4-июнда туулган (Москва районунун мурдагы акими).
- Аймен Касенов 1974-жылы 11-апрелде туулган (Прагадагы Нью-Йорк университетинин студенти)
- Арсланбек Малиев 1957-жылдын 8-октябрында туулган (Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык боюнча кыргыз коомдорунун союзунун башчысы).
- Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) 1968-жылдын 28-апрелинде туулган ("Аурдин" ЖЧКсынын түптөөчүсү жана башкы жетекчиси).
- Бактыбек Калмаматов 1984-жылдын 20-январында туулган (экс-депутат).
- Бектур Асанов 1969-жылдын 5-мартында туулган (экс-депутат, “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери).
- Жамбылбек Камчиев 1954-жылдын 10-февралында туулган ("Куудул-Аралаш" коомдук фондунун президенти).
- Жеңишбек Байгуттиев 1966-жылдын 9-майында туулган (“Толубай” АКБ ЖААнын директорлор советинин кеңешчиси).
- Илгиз Токеев 1985-жылдын 5-ноябрында туулган (Убактылуу иштебейт).
- Канат Исаев 1975-жылдын 7-февралында туулган (Кыргызстан партиясынын лидери, экс-төрага ЖК).
- Клара Сооронкулова 1969-жылы 18-мартта туулган (Конституциялык палатанын экс-судьясы, "Укук мектеби" коомдук уюмунун жетекчиси).
- Кубан Чороев 1981-жылдын 29-сентябрында туулган ("Байыркы көчмөн цивилизациясы" тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу" коомдук фонду башкармалыгынын төрагасы)
- Кубанычбек Кадыров 1970-жылдын 13-октябрында туулган (экс-депутат, “Чындык” партиясынын лидери).
- Мыктыбек Арстанбек 1965-жылдын 7-сентябрында туулган (Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору).
- Назарбек Нышанов 1961-жылдын 20-мартында туулган ("Лига-Антикризис" коомдук бирикмесинин төрагасы).
- Нурлан Мотуев 1969-жылдын 10-декабрында туулган (Убактылуу иштебейт).
- Рашид Тагаев 1958-жылы 21-августта туулган (“ОшГаз” филиалынын директору).
- Садык Шер-Нияз 1969-жылдын 10-мартында туулган (экс-депутат, “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү).
- Сазыкбай Турдумалиев 1954-жылы 28-августунда туулган (“Комплекстүү жабдуу борборунун” башкы директору).
- Токтайым Үмөталиева 1962-жылдын 4-апрелинде туулган (укук коргоочу).
- Урустам Кубанычбеков 1962-жылы туулган (“Мөңгү” экологиялык куткаруу фондунун президенти).
- Элеонора Турдубекова 1971-жылы туулган (Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын жетекчиси).
- Анар Зарипова 1966-жылдын 3-февралында туулган (Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде декан).
- Куттумидин Базаркулов 1968-жылдын 23-апрелинде туулган ("Дербиш" фондунун директору).
- Бакыт Романов 1980-жылдын 6-февралында туулган (Убактылуу иштебейт).
- Карагач Исмаилова 1968-жылдын 12-мартында туулган (Бишкектеги №44 мектептин директору).
- Турсунбек Жумабеков 1976-жылы туулган (өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн).
- Ербол Токтогулов 1983-жылдын 11-февралында туулган (Убактылуу иштебейт).
- Марат Кайыпов 1960-жылдын 10-декабрында туулган (Убактылуу иштебейт).
- Имамидин Ташов 1983-жылдын 2-августунда туулган (ОсОО «KG Group» компаниясынын башкы директору)
- Турсунбай Бакир уулу 1958-жылдын 17-мартында туулган («МЗФ Групп» ЖЧКсынын башкы директору).
- Курсан Асанов 1966-жылдын 31-августунда туулган (Убактылуу иштебейт).
- Ормуков Темирлан 1976-жылы 19-июнда туулган (Эмгек стажы жок).
Боршайком мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген. Бүгүн, 14-ноябрда президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн арызды тапшыруунун акыркы күнү.
Эскерте кетсек, кече, 13-ноябрда ырчы Кайрат Салмакеев (Кайрат Кыргыз) да президенттик шайлоого катышарын билдирген. Бирок, ырчы БШКга арыз менен кайрыла элек.
Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttik-shajloogo-katyshuuga-36-talapker-bshkga-aryz-menen-kajryldy
Добавить комментарий ×