Президент Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнөн кабар алды

7 март 2020 10:48 511 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө барды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жазуучунун жубайы — Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Мамлекет башчысы Айтматовдун жакындары менен баарлашып,  жазуучунун уулу Эльдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. 

Ошондой эле өзү вице-президент болгон «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу  айтып берди

Ссылка: https://barometr.kg/prezidentchygyz-ajtmatovdun-j-blsn-bardy



Добавить комментарий