Президент Жээнбеков Тамерлан Ибраимов менен жол коопсуздугу боюнча реформаларды талкуулашты
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да катышты.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптар жол коопсуздугун камсыздоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана өлкөнүн жарандарынын жол жана коомдук коопсуздугун жогорулатуу чаралары талкуулашты.
Президент Бишкек шаарынын эки районунда пилоттук тартипте Патрулдук милиция иштей баштаганын айтты. Бул жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо алгачкы практикалык жыйынтыктары экенин өлкө башчысы белгиледи.
Мамлекет башчысы эксперттик жумушчу топко аткарылган жумуш үчүн ыраазычылык билдирди. Патрулдук милиция системасындагы бош орундарга ачык-айкын конкурс өткөрүп, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо зарылдыгына көңүл бурду.
«Пилоттук долбоордун алкагында жаңы бөлүмдүн кызматкерлерин, анын ичинде катардагы жарандардын арасынан тандоо тажрыйбасы жакшы жолго коюлуп калды. Коомчулук конкурстун ачык-айкын өтүп жатышынан эч кандай күмөн санабашы керек. Жарандар патрулдук милиционерлерге ишенип, зарыл учурда алардан коргоо издеши керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Патрулдук милициянын кесипкөйлүк, физикалык жана психологиялык даярдыгына көңүл буруп, долбоорду топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен мындан ары ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.
Өз кезегинде Тамерлан Ибраимов Патрулдук милициянын ишмердиги «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу менен тыгыз байланышта болорун билдирди.
Белгиленгендей, 2019-жылдын аягына чейин долбоор бүт шаарды камтыйт деп пландалууда — учурда курсанттардын экинчи тобу ИИМ Академиясында окуудан өтүп жатат жана бир аз убакыттан кийин кызмат өтөөгө киришет.
Мындан тышкары, бош кызмат орундарына үчүнчү конкурс өтүүдө — тандалгандар дагы ИИМ Академиясында окутулуп, ишке киришет.
Бишкек шаары боюнча жеке курамды толуктагандан кийин Патрулдук милиция долбоорун Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын бөлүмдөрүн жана патрулдук-нөөмөт кызматын бириктирүү жолу менен Ош шаарында, андан соң бүт өлкөдө ишке ашыруу пландалууда.
Эске салсак, бир жыл мурда, 2018-жылдын ноябрында Президент Сооронбай Жээнбековго жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча Стратегия, Бишкек шаарында Патрулдук милиция түзүү пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы сунушталып, Президент аны жактырган.
Өткөн жумада Бишкек шаарынын эки районунда пилоттук тартипте Патрулдук милиция иштей баштады.
Добавить комментарий ×