Президент Жээнбеков Россия 24 каналына интервью берди. Эмне жөнүндө сүйлөдү?

5 декабрь 2018 13:56 1109 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин  рыногунда Казакстан, Россия жана Белоруссия менен атаандаша ала тургандыгын  Россия 24  каналына интервью берип жатып айтты. 

"Кыргызстан ЕАЭБге кирүү менен кандай пайда көрдү деген суроого  өлкө башчы биримдикке каршы чыккандар эки нерседен чочулашканын белгиледи. Биринчиси — тамак-ашка болгон баанын өсүп кетиши мүмкүн болсо, экинчиси — атаандаштыкка туруштук бере албаган жергиликтүү өндүрүш жабылып калат дегендер болгон. Туура чечим болгондугу эми байкалды. Азык-түлүктөр арзандады. Ишкерлер активдүү иштей баштады. Орусияда иштеп жүргөн мигранттарга дагы бир топ артыкчылыктар жана жеңилдиктер берилди. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери көп нерсени бирге талкуулайбыз. Кээде ар ким өз өлкөсүнө тартып, айтышып да кеткен учурлар болгон"-деди президент суроолорго жооп берип жатып. 

Интервьюнуну аягында ажобуз Орусия стратегиялык өнөктөш экендигин баса белгилеп, келечекте Кыргызстан көптөгөн өлкөлөр менен кызматташаарын айтты. Ошондой эле Евразиялык биримдик мамлекеттин келечеги деп эсептей тургандыгын баса белгилеп кетти. 




Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheenbekov-rossiya-24-kanalyna-intervyu-berdi-emne-zhnnd-sjld



Добавить комментарий