Президент жаңы мектептин ачылышына катышты

1 сентябрь 2018 15:35 1472 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 1-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» конушундагы  № 96 мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.  Анда  өлкө башчы мектептин жамаатын жана окуучуларды 1-сентябрь — Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.  

Жээнбеков белгилеп кеткендей, Билим күнүндө республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Жылдын аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат. 

«Мына ошол жаңы билимканалардын арасында бүгүн салтанаттуу түрдө ачылып жаткан силердин мектебиңер да бар. Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат. Ар бир жаңы мектеп — бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол», — деди президент. Белгилей кетсек, бүгүн өлкөнүн баардык мектептеринде 1-сентябрь Билим күнү белгиленип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zhay-mekteptin-achylyshyna-katyshty



Добавить комментарий