Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту

13 июнь 2019 17:12 1556 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13- июнда, Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Эки мамлекет башчылары Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара боюнча кызматташтыкты арттыруу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев мындан ары да эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча өз ара аркеттешүүнү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-zbekstandyn-prezidenti-shavkat-mirzieev-menen-zholugushtu



Добавить комментарий