Тимур Шабданбеков УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ошол эле учурда президенттин башка буругуна ылайык, Шабданбеков Тимур Маратович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги болуп дайындалды.
Добавить комментарий ×