Жээнбеков расмий визит менен Сауд Арабиясына келди

16 декабрь 2019 09:54 1985 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-декабрда расмий визити менен Сауд Арабия Королдугуна учуп келди. Мамлекет башчысы Сауд Арабиясына визитин эки Ыйык мечиттин Көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен жасоодо. 

Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд жана Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх  менен жолугушат.  Мындан тышкары, Сауд Өнүктүрүү Фондусунун Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, аткаруучу директор Халид С. Аль-Худайри жана Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен жолугушуулары пландалган. 

Ошондой эле расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин  имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугушат.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-rasmij-vizit-menen-saud-arabiyasyna-keldi



Добавить комментарий