Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына барды

11 декабрь 2019 19:28 2268 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Расмий визиттин алкагында, Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы жана БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Сооронбай Жээнбековдун БАЭге расмий иш сапары Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен жасалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-rasmij-vizit-menen-birikken-arab-emirattaryna-bardy



Добавить комментарий