Видео. Жээнбеков ооруканадагы кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардын абалынан кабар алды
Бүгүн 18- сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды.
Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди.
Чек ара чырынан жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.
Президент Сооронбай Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи.
Ошондой эле, мамлекет башчысы Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен баарлашты.
Жаракат алгандарга Президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.
Добавить комментарий ×