Жээнбеков менен маектешүү үчүн 92 ММКдан 188 журналист катталды

24 декабрь 2019 17:33 2207 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен 2019-жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрөт.

Салтка айланган жыйынга катышуу үчүн бардыгы болуп 188 журналист аккредитациядан өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана 28и — Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган 15 чет өлкөлүк ММК өкүлдөрү.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны Бишкек шаарында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Өлкө башчысынын журналисттер менен маалымат жыйыны өткөн жылы 19-декабрда өтүп, ал 3 саат 15 мүнөткө созулган. Жолугушууга 84 жергиликтүү жана эл аралык ММКлардан бардыгы болуп 170 журналист катышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-menen-maektesh-chn-92-mmkdan-188-zhurnalist-kattaldy



Добавить комментарий