Президент Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен кетти

15 август 2018 21:50 1123 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 15 августта Мамлекет башчы Сооронбай жээнбеков  эки күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, иш сапардын алкагында социалдык, өндүрүш жана айыл чарба объектилерине баруу пландалууда, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар  менен дагы жолугат. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында иш сапар менен болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-osh-zhana-zhalal-abad-oblustaryna-ish-sapary-menen-ketti



Добавить комментарий