Жээнбеков Ухань шаарындагы КР жарандарын алып келүүдө Токаевге ыраазычылык билдирди

3 февраль 2020 18:53 565 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлеке башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, президенттер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, жакынкы келечекке карай пландарды белгилешти. 

Жээнбеков кыргызстандыктарды Кытайдын Ухань шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Токаевге ыраазычылык билдирди. 

Эске салсак, кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча Кыргызстандын жарандары Ухань шаарынан Нур-Султан шаарына Казакстан тараптын жардамы менен жеткирилип, андан бери Бишкек шаарынан барган атайын учак менен Кыргызстанга алынып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-krstkn-kmg-chn-kasym-zhomart-tokaevge-yraazychylyk-bildirdi



Добавить комментарий