Президент Жээнбеков каза болгон дарыгердин жакындарына көңүл айтты

4 май 2020 10:40 1079 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын кайтыш болгондугуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтат. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

«Бишкек шаарынын № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын коронавирус илдетинен дүйнөдөн кайтты деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул илдет менен күрөштө ак халатчан медиктерибиз алдыңкы сапта турушат. Илдетти жуктуруп алуу коркунучуна карабай, жабыркап жатышса да, өтө бийик каармандык жана тайманбастык менен жарандарыбызды өлүмдөн, оорудан сактап калышууда. Тилекке каршы, бул күрөштө ак халатчан дарыгерибизден  айрылып отурабыз», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

Ал Жүзүм Көкүмбаева өзүнүн дарыгерлик милдетин толугу менен аткарып, көп жылдык эмгеги менен элдин саламаттыгына кызмат кылып,  жүздөгөн  жаштарга насаатчы болгондугун баса белгиледи.

«Дүйнөлүк апааттын биздин өлкөгө келиши менен, анын  жайылышын токтотууда алдыңкы сапта жүрдү. Жүзүм Көкүмбаеванын элеси ар дайым ар бирибиздин, анын колунда дарылангандардын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде өчпөй, сакталат. Ак жүрөк дарыгерибиздин бир туугандарына, жакындарына жана балдарына жүрөктөн көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деди Жээнбеков.

Эске салсак, Көкүмбаева 3-майда каза болгон. Ал коронавирус илдети жуккандарды дарылаган.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-kaza-bolgon-darygerdin-zhakyndaryna-kl-ajtty



Добавить комментарий