Президент Жээнбеков Исхак Раззаковдун Исфанадагы музейине баш бакты
Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Исфана шаарындагы 1990-жылы ачылган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын көрүп чыгып, меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун өзгөчө ордун баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө тургандыгын билдирди.
Эске салсак, 2020-жылдын январь айында Мамлекет башчысы «Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-ishak-razzakovdun-muzejine-bardy
Добавить комментарий ×