Президент декабрда алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна ачык жооп берет

17 декабрь 2018 16:33 1067 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда жыл жыйынтыктоочу алгачкы  маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады. 

Өлкө башчылары жыл соңунда журналисттерди топтоп, суроолорго ачык жооп берет.

Алмазбек Атамбаев кышында жана жайында маалымат жыйын өткөрүп турган.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы ноябрь айында кызматка киришкен. Андан бери чоң маалымат жыйын өткөрө элек.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-dekabrda-algachky-maalymat-zhyjynyn-tkrp-zhurnalistterdin-surooloruna-achyk-zhoop-beret



Добавить комментарий