Президент бүтүрүүчүлөргө алтын сертификаттарды тапшырды

8 июль 2019 11:40 942 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 8-июлда 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземинде президент Сооронбай Жээнбеков:«Биз элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз. Андыктан жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү - приоритеттүү багытыбыз болуп саналат», -деп белгилегенин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, мамлекеттик саясаттын негизги принциптеринин бири — ийкемдүү, ачык, үзгүлтүксүз өнүгө турган билим берүү системасын түзүү экенин белгилеген.

"Жаштарыбызды тез өзгөрүлүп турган, динамикалуу турмушка даярдоо абзел. Жаӊы технологиялар дүйнө экономикасынын жүзүн өзгөртүп, таптакыр жаӊы билимдердин жана жөндөмдөрдүн зарылдыгын жаратты. Бардык чөйрөгө санарип технологиялардын кириши — эмгек ресурстарына жаӊы талаптарды коюуда. Бүгүн экономика, медицина, билим алуу, башкаруу чөйрөлөрүнө санарип технологиялары тереӊ кирип, бул кесиптердин табиятын өзгөртүүдө.Бул талаптар — жаш муундардын өз алдынча тынымсыз өнүгүүгө умтулуусун шарттайт. Ошондуктан мамлекеттин жана коомдун инновациялык өнүгүүсүн камсыздоого жөндөмдүү адамдык потенциалды өнүктүрүү милдети жаралды. Бул максатка жетүү үчүн инновациялык билим берүүгө өтүү зарылдыгы келип чыкты. Биз келечекте ушул максаттарга жетүүбүз абзел",- деп баса белигенен Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-btrchlrg-altyn-sertifikattardy-tapshyrdy



Добавить комментарий