Премьер-министр Туйгунаалы Абдраимовду Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл кызматынан бошотту
Бөлүшүү:
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык кол койгон буйруктун негизинде Абдраимов Туйгунаалы Дүйшеналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Эскерте кетсек, Чүй областындагы өкмөттүн өкүлү Туйгуналы Абдраимов 6-июнда Орок айылында болгон чатак маалында журналист кызга туура эмес мамиле кылуу менен көпчүлүк элдин сынына кабылган.
Добавить комментарий ×