Абылгазиев иш сапар менен Москвага кетти

24 октябрь 2019 15:03 1061 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапар менен кетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын маалымат камсыздоо кызматы билдирди. 

Иш сапардын алкагында Өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибиндеги 15 маселе каралат. Ал эми КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат.  Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.




Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-muhammedkalyj-abylgaziev-ish-sapar-menen-rossiya-federaciyasyna-ketti



Добавить комментарий