Абылгазиев иш сапары менен Кочкорго барат

22 ноябрь 2019 14:50 3986 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат. Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат. Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-kochkordo



Добавить комментарий