Премьер-министр Бурулайдын милициянын имаратында өлтүрүлүшү боюнча: Бул мыкаачылык

4 июнь 2018 23:55 1227 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-июнда, никеге туруу үчүн аялдардын эркине каршы ала качуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министрге 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын күчтөп никеге туруу максатында ала качуу жана кийинчирээк Жайыл райондук РИИБ имаратында өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтөөгө байланыштуу мындан мурда берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул мыкаачылык көрүнүш жана жарандарды кылмышкерлерден сактоочулардын кылмыштуу шалаакылыгы жалпы мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрүүдө.

«Эгерде адам укугун сактай албасак, анда кайсы өнүгүү тууралуу кеп кылууга мүмкүн? Күчтөп никеге туруу кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар жактардын гана күнөөсү эмес, жалпы коомдун өнүгүүсү үчүн тоскоолдук келтирүүчү фундаменталдуу адам укугун бузуу болуп саналат. Бурулайдын кайгылуу окуясы коомдун “салтка айланган” ала качуу көрүнүшүнө карата мамилесин түп-тамырынан карай өзгөртүүгө чакырык болуусу керек. Бул көрүнүштүн кыргыз элинин салтына жана маданиятына эч кандай тиешеси жок»,- деп белгиледи Абылгазиев.

Өкмөт башчы укук коргоо органдары аялдарга жана балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө байланышкан кылмыш иштерин биринчи кезекте жана тыкыр кароосу зарылдыгын баса белгиледи.

«Никеге күчтөп тургузуу, ошондой эле кыз ала качуу тажрыйбасы токтотулушу керек. Күнөөлүү жактар тараптардын элдешүүсүнөн көз-карандысыз түрдө реалдуу жаза мөөнөтүн алуусу тийиш. Коомдо аялды никеге күчтөп тургузуу максатында ала качуу окуяларына жол берилбеши керек», - деди премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга учурда Башкы прокуратура тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата кызматтык милдеттерин аткаруудагы адам өлүмүнө алып келген шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалды.

Премьер-министр ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кол алдындагылардын аракеттерин көзөмөлдөбөгөн ички иштер органдарынын кызматтык адамдарына карата атайы кадрдык чечимдерди көрүүнү тапшырды.

«Бирок күч түзүмдөрүнүн аракети жалгыз болбошу керек. Бардыгы мамлекеттен көз каранды эместигин түшүнүп турам. Мен аксакалдардан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, маданият ишмерлеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынан бул көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууну суранам. Биз күнүмдүк турмушубузда тигил, же бул салттарга туура мамиле кылышыбыз кажет. Инсандын укуктары жана мыйзам бузулбоого тийиш», - деп баса көрсөттү премьер-министр.

Өкмөт башчы укук бузуулардын алдын алуу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Ички иштер министрлигине кылмыш иштерин ар тараптуу, толук жана акыйкат тергөөнү камсыздоо, ошондой эле үй-бүлө жана жашы жете электерге карата кылмыш жоопкерчилигин күчтөндүрүү боюнча сунуштарды 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө өкмөткө киргизүү тапшырылды.

Тармактык министрликтерге жана ведомстволорго никеге туруу үчүн ала качуунун алдын алуу максатында туруктуу негизде маалыматтык иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди. Кеңешменин жыйынтыгында аялдарга жана балдарга карата зомбулук көрсөтүү маселесин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн адам укуктары боюнча Координациялык кеңешинде кароо чечими кабыл алынды.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндо 30 жаштагы Марс Бөдөшев үйлөнүү үчүн ала качып кеткен 19 жаштагы Бурулай Турдалиеваны бычактап салган. Андан соң ал өзүнүн денесин да бычактаган. Кыздын денесине жигит Н+Б деген жазууну калтырган. Бурулайды 30-майда жерге беришти. Кыздын жырткычтык менен өлтүрүлүшү чоң чуу жаратты. 1-июнда ИИМ жетекчиси бул ишти жеке көзөмөлүнө алды. Мекемеден билдиришкендей, бул окуяга жолтоо болбогон милиция кызматкерлери жумуштан алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-burulajdyn-miliciyanyn-imaratynda-ltrlsh-boyuncha-bul-mykaachylyk



Добавить комментарий