Абылгазиев: Быйыл айыл чарбага 1 млрд. 250 млн. сом кредит берилет

17 февраль 2020 18:25 528 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору айыл чарбасын жана жалпы эле реалдуу экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев долбоорду жүзөгө ашыруу тууралуу Өкмөттүн токтомуна кол коюп жатып билдирди. 

«Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жылда 10 миңден ашык жараныбыз пайдаланат. Ал айыл чарбасынын негизин түзгөн асыл тукум жана үрөн чарбаларын жакшыртууга багытталган. Калк мындай жардамга муктаж», - деп белгиледи премьер-министр.

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорун жүзөгө ашырууга 1 млрд. 250 млн. сом каралды. Бул чакан жана ири айыл чарба өндүрүүчүлөр, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайын каржылоого жумшалат.

Зайымчылар үчүн акыркы пайыздык чен төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

- чакан айыл чаба өндүрүүчүлөр үчүн, анын ичинде жеке жактарга - «ФСХ-Фермер» категориясы боюнча 10 пайыз;

- ири айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн  – 8 пайыз;

- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары үчүн – жылына 6 пайыз.

«Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган. Долбоордун жалпы суммасы быйыл 6 млрд. сомдон ашат. Бул учурдагы чарбаларды гана иргелештирбестен, экспорттук потенциалды арттырып, азык-түлүк коопсуздугун сактайт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Өкмөт 2013-жылдан бери «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору ишке ашырылып келе жатат.

Премьер-министр буга чейин насыянын ушул линиясы боюнча берилгендерге анализ жүргүзүүнү жана өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүшү үчун кандай натыйжа бергенин аныктоо тапшырмасын берди.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-ajyl-charbasyn-karzhyloo-dolbooru-ajyl-charbasyn-nktrnn-maanil-instrumenti-bolup-sanalat



Добавить комментарий