Оюнчук тапанча менен дүкөн тоной калам деген кишини сатуучу аял сабап кууп чыкты

25 июнь 2021 12:28 4619 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Актобе шаарында эркек киши оюнчук тапанча менен дүкөн тономок болду, бирок окуянын соңу ал үчүн жакшы эмес аяктады.Сатуучу аял ага ушунчалык катуу каршылык көрсөттү. Бул тууралуу Polisia.kz булагы кабарлады.

43 жаштагы аял укук коргоо органдарына чалып анын дүкөнүнө тоноочу келгенин кабарлаган. Аял дүкөнүнө эркек киши тапанча менен келип тономок болгонун, аял аны менен кармашып, дүкөндүн түртүп чыгарып, эшигин жаап алып, полицияга чалып жатканын айткан.

Окуянын изин суутпай барган полиция 37 жаштагы эркекти кармады.Кол салыш үчүн ал оюнчук тапанчаны колдонгону белгилүү болду.

Тоноочуну 5 жылдан 10 жылга чейин абак күтүп турганын полиция кызматкерлери маалымдашты.

Ссылка: https://barometr.kg/oyunchuk-tapancha-menen-dkn-tonoj-kalam-kishini-satuuchu-sabap-kuup-chykty



Добавить комментарий