Осмонакун Ибраимов “Усубалиев” аттуу китеп жазды
Бөлүшүү:
Кыргызстандын экс-Мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимовдун коомдук ишмер Турдакун Усубалиевге арналган “Усубалиев” аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу автор өзүнүн facebook баракчасы аркылуу билдирди. Китеп Мосвадан “Жизнь замечательных людей” деген атактуу сериядан басылып чыккан.
Осмонакун Ибраимов “Усубалиев” китеби тууралуу жогорку окуу жайларында лекцияларды окуп, илимий-конференцияларда баяндамаларды жасап жатканын кошумчалайт.
Ссылка: https://barometr.kg/osmonakun-ibraimov-usubaliev-attuu-kitep-zhazdy
Добавить комментарий ×