Мечиттерде гана уурулук кылып жүргөн киши кармалды

10 март 2020 13:52 817 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан мечит жанынан мурда издөөдө жүргөн Ош облусунун Өзгөн шаарынын тургуну 1991-жылы туулган О. О. кармалды. Бул тууралуу аймактык милициядан кабарлашты.

Ош шаарынын милициясы бул жигиттин фото-роботун түзүп, бир айдан бери издөөгө алып, шаардагы бардык мечиттерге милиция кызматкерлерин бөлүп койгон эле. Буга чейин бул жигиттин үстүнөн шаар аймагындагы мечитке барып буюмдарын, акчаларын жана баалуу кийимдерин уурдатышкан 9 арыз түшкөн болчу.
Кармалган жаран Өзгөн шаарынын тургуну. Үй бүлөсү ата-энеси жок. Жаза аткаруу мекемесинен 2019-жылдын сенетябрында гана мурдагы тоноо жана жаза өтөө мекемесинен качуу беренелери боюнча жазасын өтөп келген. Ош шаарынын У.Салиева көчөсүнөн батир жалдап, убактылуу жашап турган.

Айтуусуна караганда мечиттерден гана уурулук жасоого өткөн. Ош шаарында жашап Жалал-Абад, Өзгөн шаарларына, Кочкор-Ата шаарчасына, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондоруна барып мечиттерден уурулук жасап келип, аларды сатып тиричилигин өткөрүп тургандыгын моюнуна алган.

 Шектүү мечитке намаз окуганы келишип, даарат алуу үчүн кийимдерин чечип дааратканага кирип кеткен учурда ал кийимдедин чөнтөктөрүнөн баалуу буюмдарын, акчаларын жана баалуу болсо-кийимин дагы уурдап турган. Демейде бешим намазы жана айт намаздары учурунда уурулук жасаган.

Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-mechitterde-gana-uuruluk-kylyp-zhrgn-kishi-karmaldy



Добавить комментарий