Оштогу май куючу жай жарылды, үч адам жарадар
Бөлүшүү:
Ош шаарында май куючу жайда жарылуу катталды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Окуя “Түштүк-Чыгыш” кичи районунда кечээ, 20-мартта саат 20:16да катталган
“Жарылуудан үч адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди. 59 жаштагы Ш. М.нын абалы орточо, 36 жаштагы А. уулу А кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. 28 жаштагы К. уулу К. Ош областтык ооруканасына жаткырылды. Өрттү жети өрт өчүргүч машина өчүрүп, бүгүн саат 8:10до гана өрт толугу менен чектелди”,-деп кабарлашты. ӨКМдан.
Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-maj-kuyuchu-zhaj-zharyldy-ch-adam-zharadar
Добавить комментарий ×