Оштогу "Чынар" кафеси өрттөнүп жатат

14 февраль 2019 10:55 1688 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарындагы "Чынар" кафеси өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта жазылгандай, 2019-жылдын 14-февраль күнү Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан алдын ала маалымат боюнча "Чынар" кафесинде өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМга маалымат түшкөн. 

Өрттү өчүрүүгө саат 09:43тө  Ош шаардык  өрт-куткаруу бөлүмүнөн үч отряд куткаруучулары келип өчүрүп жатышат. Кошумча саат 10:00дө КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ унаасы менен чыкты, жалпы 4 бөлүм тартылды деп жазылат маалыматта. 

Өрт саат 10:10до чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 


Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-chynar-kafesi-rttnp-zhatat-kmdan-rtt-chrg-4-blm-tartyldy



Добавить комментарий