Ошто жаш эне ѳз баласынын жанын кыюуга аракет жасады
Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну ѳз баласынын жанын кыюуга аракет жасады. Бул тууралу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы кабар кылды.
Ош шаарында жайгашкан балдар бакчаларынын биринде Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну ѳзүнүн былтыр апрелде тѳрѳлгѳн баласын диванда жаткан жеринде жаздык менен тумчуктуруп ѳлтүрүүгѳ аракет жасап жаткан учурда, бакчанын кызматкерлери тарабынан наристеге жардам кѳрсѳтүлүп, аман алынып калган. Жаш эне 19-июнда КР жаза процессуалдык кодексинин 94-беренеси менен 48 саатка камакка адам ѳлтүрүүгѳ шектүү катары камакка алынган.Анын үстүнѳн «адам ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо» (28-97 беренеси) боюнча кылмыш иши козголду. Ал ѳзүнүн мындай кылмыштуукадамга баруусун ѳзүнүн турмуштук оор шарты менен байланыштырып, туугандарынын каралашпагандыгы, күйѳѳсү менен ажырашкандыгы жана жокчулук жашоодон кыйналып кеткендиги менен түшүндүргѳн.
Бүгүн Ош шаардык соту кылмышка шектүү К.К.нын баш коргоо чарасын карайт.
26 жаштагы келин К.К. мурда турмушка чыгып, бирок, ажырашып кеткен. Колунда ушул жаңы тѳрѳлгѳн наристеси болуп, аны жалгыз тарбиялап жаткан. Ѳз үй бүлѳсү менен дагы келишпестиктери болгон. Буга чейин анын оор шарттарын эске алуу менен «Ак жүрѳк» кризистик борбору жардам берип турган.
Учурда наристенин ден соолугу канаатандырарлык. Ош шаарындагы балдар үйүнүн биринде дарыгерлер менен тарбиясылардын кѳзѳмѳлүндѳ.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zhash-ene-z-balasynyn-zhanyn-kyyuuga-araket-zhasady
Добавить комментарий ×