Ошто ырчы, тамада жана тойкана ээлери той өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнүп жатышат

15 сентябрь 2020 14:27 2153 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунда ишкерлер  тойканаларда мааракелерди өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнүштү. 15-сентябрда Ош шаарында жана Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жайгашкан тойканалардын ээлери, ырчы-тамадалар тойлорду ресторандарда өткөрүүгө уруксат берилиши керек деген оюн айтышты. Бул тууралуу басма сөз жыйынында айтылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ага ылайык, базар, мал базар, коомдук транспорт иштеп турган учурда ресторандардын ишин токтотуп коюу адилетсиздик экенин айтышты.

Ресторан ээлери жок дегенде 100-150 киши катышкан мааракелерге уруксат болсо, ар бир тойкана жок дегенде 40тан кишини жумуш менен камсыз кыларын билдиришти.

Республикалык штаб коронавирус пандемиясынан улам март айынан тартып массалык иш-чараларга, анын ичинде тойлорго да тыюу салган. Тамактануучу жайларга (кафе, чайкана, кофекана) уруксат берилген, кишинин саны 50дөн ашпашы керек. Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин 45 миңдей киши COVID-19 жуктуруп, 1063 киши каза тапты.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-yrchy-tamada-zhana-tojkana-eeleri-toj-tkrg-uruksat-bern-tnp-zhatyshat



Добавить комментарий