Ошто ушу боюнча чемпионатта, "Шумкар" атайын полкттун жигиттери утту

15 апрель 2021 10:46 1739 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушу саньшоу (Саньда) боюнча чемпионатта  ИИМдин “Шумкар”  атайын багыттагы полкунун Ош шаарында жайгашкан №3 батальонунун кызматкерлери байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу ИИМдин АБПнын №3 батальонунун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Милиция кызматкерлери алдына коюлган жоопкерчиликтүү тапшырмалырдын аткаруу менен бирге, спорт чөйрөсүндө бир топ ийгиликтерди жаратып келет. Үстүбүздөгү жылдын 5-8-апрелине чейин Ош шаарында болуп өткөн ушу саньшоу (саньда) боюнча Кыргызстандын чемпионатына  ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Ош шаарында жайгашкан №3 батальонунун кызматкерлери, катышып байгелүү орундарга ээ болушту.

90 кг салмакта  Жороев Маратбек, ал эми 70 кг салмак боюнча Абдуганиев Канатбек байгелүү 1-орунду камсыз кылышып, 2021-жылдын август айында АКШнын Даллас шаарында өтө турган ушу саньшоу (саньда) боюнча Дүйнөлүк чемпионатка жолдомого алышты.

Ал эми,  Улукбек уулу Дамир, Жаанбай уулу Айтибай жана Тойчубеков Мелис 80кг, 90 кг жана 85 кг салмак категориясында 2-орунга ээ болушту. Кыргызымдын эр жүрөк тайманбас мырзаларынын кызматына чоң жетишкендиктерди каалайбыз!", - деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ushu-boyuncha-chempionatta-shumkar-atajyn-polkttun-zhigitteri-uttu



Добавить комментарий