Ошто унаа сүзүп кеткен 5 жаштагы бала ооруканага жеткирилди
Бөлүшүү:
Ошто унаа сүзүп кеткен 5 жаштагы бала ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жолдон өтүп бара жаткан 5 жашар баланы унаа сүзүп кетип, ооруканага жеткирилди. Окуя Салижан Шарипов орто мектебинин алдында болгон. Өзгөн шаарынын тургуну өзүнүн «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаасы менен баланы сүзүп алган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-unaa-szp-ketken-5-zhashtagy-bala-oorukanaga-zhetkirildi
Добавить комментарий ×