Ошто турак үйдүн биринде өрт чыгып, 2 жаш бала түтүнгө ууланышты

26 декабрь 2018 10:15 1116 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ошто турак үйдүн биринде өрт чыгып, 2 жаш бала түтүнгө ууланышты. Бактыга жараша убагында балдар ооруканага жеткирилип, аман калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматта жазылгандай, №20 үйүнүн №15 батиринин бөлмөсүндө үй-тиричилик буюмдары күйүп, 2011-жылы туулган Т.М. аттуу кыз жана 2013-жылы туулган Т.У. бала түтүнгө ууланышкан.

Алар учурда Ош облустук ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу  жеткирилип, абалдары жакшы экендиги айтылды.

 Өрттүн себеби такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-turak-jdn-birinde-rt-chygyp-2-zhash-bala-ttng-uulanyshty



Добавить комментарий