Ошто шаардык кеңешке болчу шайлоо алдында бир дарекке миңден ашык киши катталган
Прокуратура органдары шаардык кеңештерге болчу шайлоо алдында калаага тобу менен келип каттоого туруу фактысын текшерип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Ош менен Каракол шаарына калаа кеңешине болчу шайлоо алдында аймактардан келип каттоого тургандар аныкталган.
Атап айтканда, 2020-жылдын январь, февраль айларында Ош шаарына 35 895 киши каттоого турса, Каракол шаарына 3 159 киши туруктуу жашоо үчүн катталган.
Текшерүү учурунда аныкталгандай, каттоо кызматынын айрым бөлүмдөрүндө иштегендер шаарда жашаган тургундун үйүнө анын кабары жок эле башка кишилерди каттап койгон.
Жарандардын катталуусун текшерүү учурунда Ош шаарында бир дарекке 700дөн ашык киши катталса, дагы бир дарекке миңден ашык киши каттоого алынган. Бирок учурда ал даректерде эч ким жашабайт.
Андан сырткары бир үйгө эле 900дөн ашык киши катталганын үй ээси билген эмес, жана башка жарандарды каттатууга уруксат бербегенин айткан.
Ош менен Каракол шаарларында катталган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү менен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды.
Добавить комментарий ×