Ошто “Мерседес Спринтер” менен оор жүк ташуучу унаанын кагылышуусунан 10 адам жабыркады
Бөлүшүү:
Ош облусунун Кара-Суу районунда Mercedes-Benz Sprinter оор жүк ташуучу автоунааны артынан келип сүзүп, анын айынан 10 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Жол кырсыгы Бишкек — Ош жолунун 617-чакырымында, тагыраагы, Жаңы-Арык айылында болгон. Жабырлануучулар тууралуу маалыматтар такталып жатат.
"Куткаруучулар кырсык болгон жерге жеткенге чейин Тез жардамдын кызматкерлери жана жолдо бараткан башка автоунаалардын айдоочулары жабыркаган жүргүнчүлөрдү ооруканага жеткиришкен", -деди ӨКМнын маалымат кызматы.
ӨКМден учурда кырсыкка кабылгандардын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.
Добавить комментарий ×