Ошто мас болуп уктап калып, баласын жоготкон аял кармалды
Ошто мас болуп уктап калып, 2 жашар кызын көчөдө жалгыз кароосуз калтырган аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Ага ылайык, 29-декабрда мас болгон аял Ош филармониясынын жанында уктап калган. Бирок ойгонгондон кийин баласын табууга аракет кылган эмес.
Аял өз көрсөтмөсүндө селсаяктар аны "милиция издеп жүрөт" деп жүрөгүн түшүргөнүн билдирген. Аны милиция шаардын көчөлөрүнүн биринен 20-январда кармаган.
Милициянын маалыматы боюнча аял 1992-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Кызынын атасы жок.
Белгилей кетсек, 29-декабрдын түнүндө көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан тез жардым кызматынын өкүлдөрү кичинекей кызды таап, милицияга кабарлашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-mas-bolup-uktap-kalyp-balasyn-zhogotkon-ayal-karmaldy
Добавить комментарий ×