Ошто кызын чынжыр менен тушап жазалаган жаранга карата кылмыш иши козголду
Ошто кызын чынжыр менен тушап салган эркекке карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 5-октябра эс алуу бактарынын биринде бир бутунда чынжыр менен жүргөн кыз тууралуу жарандардан билдирүү келип түшкөн. Жерине барган ыкчам тергѳѳ тобу чынында эле 9 жаштагы кыздын бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжыр бар экенин кѳргѳн.
Ал эми кыздын кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда аны атасы шоктонгону үчүн эки бутун чынжыр менен тушап, байлап койгон. Кыз чынчырчадан бошонуп көчөгө бир бутундагы кулпуланган чынжыр менен кошо чыгып кеткен. Ал кулпулануу болгондуктан чынжырды чыгара албай койгон.
Кыздын атасы кызын коркутуп жазалоо максатында ушундай ишке барганын айтты.
Учурду бул окуя боюнча тергөө иштерии жүрүүдө тергөө жүрүүдө.
Добавить комментарий ×