Ошто каналга түшүп кетти деп изделип жаткан бала аман-эсен кайтып келди

2 сентябрь 2020 12:18 965 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунда 28-августан бери дайынсыз деп изделип жаткан 24 жаштагы эркек бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

 “Амир-Тимур кичи районунда 28-августан бери 1996-жылы туулган эркек бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. 2-сентябрь күнү туугандары КР ӨКМне Южный каналына түшүп кетиши мүмкүн деген божомол менен кайрылышкан. КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жерине барып, сурамжылоо иш-чараларын жүргүзүү учурунда бала өзү кайтып келген. Учурда баланын абалы канааттандыраарлык”, -деди министирликтин маалымат кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kanalga-tshp-ketti-dep-izdelip-zhatkan-bala-aman-esen-kajtyp-keldi



Добавить комментарий